Ташиев 60 генерал менен жолугуп, президенттин атынан сыйлык тапшырды

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен УКМКнын штаб-квартирасында күч түзүмдөрүнүн генералдары менен жолукту.

Атайын кызматтан билдиришкендей, жолугушуу эркин форматта өтүп, ага жалпы 60 генерал катышты.

Алгач чакырылган конокторго УКМКнын штаб-квартирасында чакан экскурсия уюштурулуп, алар жаңы имаратта коопсуздук кызматкерлерине түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Андан соң Ташиев күч түзүмдөрүнүн жогорку аскердик наамынын ээлерине кайрылып, алардын ар биринин эмгеги, басып өткөн жолу, ишмердиги мамлекет үчүн маанилүү жана унутулгус экенин баса белгиледи.

“Бүгүн, өлкө башчыбыз Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен сиздерге жөн гана сый көрсөтүп коелу дегенбиз. Өлкө тарыхында мындай жолугушуу биринчи жолу болуп жатат. Бул жолугушуунун эч кандай саясий же, башка багытка байланыштыруунун кереги жок. Жөн гана сиздерге болгон сый-урмат катары кабыл алыңыздар. Бул жерде олтурган ар бир генерал убагында жетекчилик кызматтарды аркалап, өлкө тарыхында буга чейин болуп келген ар кандай жагдайларга күбө болгонсуздар жана кызматыңыздарды кылгансыздар. Андыктан сиздердин эмгек эч качан унутта калбайт", - деди Ташиев.

Белгилей кетсек, жолугушуунун жүрүшүндө генералдардын ар бирине президентинин атынан акчалай сыйлык берилди.

 

06:00, 01-01-1970

Комментарийлер

Башка жаңылыктар