Мурдагы милиция кызматкери аялын атып өлтүрүүгө шектелүүдө

Мурдагы милиция кызматкери аялын атып өлтүрүүгө шектелүүдө

Бишкекте мурдагы милиция кызматкери аялын атып өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясы тастыктаган. 

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 23-декабрында болжол менен саат 21:00дө Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринде мурдагы күйөөсү аялын атып салганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Маалым болгондой, жубайлар ажырашуудан кийин жаңжалдашкан. 

Натыйжада 1977-жылы туулган У.Б. 1978-жылы туулган У.Ж. аттуу аялды өзүнө катталган «МР-79» үлгүсүндөгү травматикалык тапанча менен атып салган. Аял алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза тапкан. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Белгилүү болгондой, ал мурдагы укук коргоо кызматкери, 2019-жылы пенсияга чыккан.

10:47, 24-12-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар