Бишкекте жаңы жылдык салют атылбайт

 

Бишкекте жаңы жылдык салют атылбайт

Быйыл Бишкекте жаңы жылдык салют атылбайт. Бул тууралуу мэриянынбасма сөз кызматы билдирди. 

Муниципалитеттин маалыматы боюнча, 31-декабрда саат 18:00дө «Ала-Тоо» борбордук аянтында ата мекендик артисттердин катышуусунда майрамдык концерт болот. Иш-чара фейерверк атуусуз өтөт.

Белгилей кетсек, буга чейин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында жаңы жылдык салюттардан баш тартуу чакырыгы менен чыккан.

11:30, 31-12-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар