Иран глобалдык интернеттен биротоло ажыроону көздөп жатат
Иран глобалдык интернеттен биротоло ажыроону көздөп жатат
Иран бийлиги өлкөнү глобалдык интернеттен түбөлүккө ажыратууну көздөп жатат. Бул тууралуу The Guardian Filterwatch уюмунун баяндамасына таянып жазды. Планга ылайык, интернет мамлекеттик артыкчылыкка айланып, ага болгону бийлик жактырган адамдар гана кире алат.
Документте айтылгандай, күч түзумдөрү, чиновниктер жана атайын текшерүүдөн өткөн жарандар гана чектелген, катуу электелген интернетке кошулат. Калган калк үчүн болсо тышкы дүйнө менен байланышы жок ички улуттук тармак гана калат. Бул система «ак тизмелер» деп аталат.
Filterwatch жетекчиси Амир Рашидинин айтымында, бийлик өкүлдөрү эркин интернет 2026-жылдан кийин кайтып келбейт деген белгилерди ачык бере баштаган. Учурда бул өзгөрүүлөр жашыруун түрдө даярдалып жатат.
Иранда интернет 8-январда, режимге каршы масштабдуу нааразылыктардан кийин өчүрүлгөн. Эксперттер интернетти толук өчүрүүдө Иранга Россия жардам бергенин белгилешет.