Асыл тукум малды көбөйтүүгө 6 млрд сом бөлүндү

Кыргызстанда айыл чарба тармагын колдоо максатында фермерлерге жылдык 3 пайыз менен насыялар берилүүдө. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Жаныбек Керималиев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул жеңилдетилген насыялар дыйкан жана фермер чарбалары үчүн бул чоң колдоо.

“Акыркы 5 жылда өлкөнүн айыл чарба тармагына өзгөчө көңүл бурулуп келет. Жалпы республика боюнча 185 асыл тукум чарба бар. Биз жакында мониторинг жүргүзүп, алардын ичинен “Арашан”, “Ала-Тоо” жана “Меринос” сыяктуу асыл тукум малды багып-өстүргөн чарбаларды аныктап, тукумун көбөйтүү максатында атайын тизмеге киргиздик. Учурда Кыргызстанда “Меринос” тукумундагы 134 миң кой бар”, - деди министрдин орун басары.

Ошондой эле Керималиев асыл тукум малды көбөйтүү долбоорунун алкагында 6 млрд сом бөлүнгөнүн маалымдады.

“Биз “Айыл банк” жана “Элдик банк” менен биргеликте асыл тукум малды чет өлкөлөрдөн сатып алып келүү, аларды багып-өстүрүү жана санын көбөйтүү үчүн каржылоо иштерин жүргүздүк”, - деп кошумчалады ал.

 

15:18, 26-01-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар