Бишкекте курулуш компаниянын директору алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкекте курулуш компаниянын директору алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, О.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, "Арабиан Кыргыз Аль Хнейз" ЖЧКсынын Х.Р. аттуу директору 2022-жылы Көк-Жар конушунда курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайдан батир берем деп 18 миң долларын алганын кабарлаган. Бирок шектүү бүгүнкү күнгө чейин батирин бербей, из жашырып кеткен.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине ("Алдамчылык") ылайык, кылмыш иши козголгон.

"Аталган кылмышка шектүү катары 60 жаштагы Х.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталууда", – деп айтылат маалыматта.

15:27, 04-02-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар