Кыргызстан шарп ылаңына каршы Россиядан 4,5 миллион доза вакцина алат
Айыл чарба министрлиги Россиядан шарп ылаңына каршы 4,5 миллион доза вакцина сатып алат. Минкабдын маалымат кызматынан билдиргендей, 1 миллион доза вакцина жакын арада алып келинет.
Маалымдалгандай, айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Владимир шаарына болгон иш сапарынын алкагында Жаныбарларды коргоо боюнча россиялык илим-изилдөө институту менен келишим түзгөн. Мал-жанды эмдөөгө 3,5 миллион доза вакцинаны күзгө чейин алып келүү пландалууда.
Иш сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы институттун ишмердүүлүгү, илимий-өндүрүштүк базалары, вакциналарды жана ветеринардык препараттарды өндүрүү боюнча заманбап технологиялары менен таанышты.