Токмокто жалгыз адамды көптөп сабаган үч киши кармалды
Токмок шаарындагы машине оңдоочу жайлардын биринин жанында жалгыз адамды көптөп сабап жатышкан адамдар тартылган тасма боюнча Чүй милициясы маалымат берди.
3-апрелде социалдык тармактарда автоунаа жолунун боюнда 2-3 адам бир кишини жерге жаткарып алып сабап атканы тартылган видео тараган.
Облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) маалыматына караганда, 3-апрель күнү саат 13:26 чамасында Токмок милициясына шаардык ооруканадан Чүй облусунун Мээнеткеч айылынын тургуну 1983-жылы туулган, Ж.Н. аттуу жаран денесиндеги жаракаттары менен медициналык жардам сурап кайрылганы тууралуу маалымат түшкөн.
"Ж.Н. Токмок шаарынын 3-кичи районундагы устакананын алдында автоунаасы менен токтоп турган. Ошол маалда 2001-жылы туулган Ж.М. аттуу жаран «BMW» үлгүсүндөгү автоунаасы менен келип, туура эмес токтоп, башка унааларга жолтоо кылган. Бир адам туура токтотууну эскерткенде Ж.М. газ педалын катуу басып, жээктеги майда таштар унааларга чачырап кеткен. Бул окуядан улам Ж.Н. менен Ж.М. ортосунда чыр чыккан жана ортодо мушташ болгон", - деп билдирди милиция.
БМВнын айдоочусу, маалыматка караганда, таш менен урганда Ж.Н. кулап калган, ошого карабай аны уруп-тепкилегенде сол колунун чыканагы чыгып кеткен. Анда да токтоп калбай БМВнын айдоочусу эки тууганын - 1996-жылы туулган А.А. жана 1988-жылы туулган Ж.С. атту жарандарды чакырып, алар менен чогуу дагы сабаган.
Милиция окуянын бардык катышуучуларына соттук-медициналык экспертиза дайындалганын билдирүүдө