Патенттин жаңы түрү кирди: Эми аны соода жайын ижарага бергендер да алат
Өлкөдө патенттин жаңы түрү киргизилгенин Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аны базарлардагы соода жайларын ижарага бергендер алышы керек болот.
"Патенттин негизинде ишке ашырылуучу ишмердиктин түрлөрүнүн бекитилген тизмеси "Кыймылсыз мүлктү жалдоо, ижарага берүү: базарлардын жана кичи базарлардын аймагында жайгашкан, соода иши үчүн пайдаланылуучу турак жай эмес аянт" деп аталган иштин жаңы түрү менен толукталды Бул жеке жактарга соода ишинде пайдаланылуучу соода жайын субижарага берүүдөн алынган кирешенин суммасынан патенттин негизинде салык төлөө укугун берет", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле аталган патентти салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу онлайн тариздеп төлөсө болору кошумчаланды.
Президент Садыр Жапаров 18-апрелде "Ишкердик субъектилерди колдоо, ставкаларды оптималдаштыруу жана салыктык башкарууну жакшыртуу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өлкөдө соодагерлер үчүн патенттик салык системасы кайтарылган.