17 жаштагы баланы бычактап, унаа менен тебелеткен деп 18 жаштагы улан кармалды

Борбор калаада 17 жаштагы өспүрүмгө бычак уруп, андан соң айдап жүргөн машинасы менен тебелетип кетти деп шектелген 18 жаштагы улан кармалды. Бул туурасында Свердлов райондук милициясынан кабарлашты.

Окуя түндө саат 3:00дөр чамасында Чекиш-Ата аймагында, тагыраагы, Курманжан датка көчөсүндө болгону айтылды.

 

16:04, 14-05-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар