Байконурдагы космодромго дүйнөдөгү эң чоң ракета орнотулду

Байконур космос комплекси үстүбүздөгү жылдын 2-июнунда белгилене турган 70 жылдык мааракеге даярданууда. Анын алкагында космос комплексине күн мурун дүйнөдөгү эң чоң N-1 ракетасы орнотулду. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, ракетанын бийиктиги болжол менен 22 метрди түзөт. Мындан сырткары, алдыда келе жаткан мааракенин урматына Байконурда ачык асман алдындагы музей ачылууда.

“Музейди куруу иштери өткөн жылдын күзүндө, алдыңкы космостук ишканалар ракеталардын кичине нускаларын түзө баштаганда башталган.

Аталган музейдин ар бир макети жөн эле экспонат эмес, бул ракетаны иштеп чыккан конструкторлордун, аны жасаган жумушчулардын жана учурууну ишке ашырган сыноочулардын жамааттык эстелиги”,-деп белгилеген Байконур шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Белгиленгендей, планетадагы биринчи космодромдун 70 жылдыгына арналган иш-чарага космонавттар, ардагерлер жана шаар тургундары катышат.

 

09:54, 15-05-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар