Таласта киши өлтүрүүгө шектелген адам 17 жылдан кийин Бишкектен кармалды

Киши өлтүрүүгө шектелген киши 17 жылдан кийин кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2008-жылы Талас шаарында үч мас киши өтүп бараткан адамды ур-токмокко алып, унаага салып токойго алып барып дагы сабап, ошол жерге таштап кетишкен. Жабырлануучу алган жаракатынан улам токойдо каза болгон.

Кылмышка шектелгендердин экөө ошол эле жылы кармалып, бирөөсү Кыргызстандан чыгып кеткен. Милиция андан бери издөө иштерин токтотпой жүрүп, 41 жаштагы шектүүнү быйыл 20-майда Бишкектен кармады.

11:02, 28-05-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар