Кыргызстандын армиясы дүйнөлүк рейтингде 145 өлкөнүн ичинен 105-орунга чыкты

Кыргызстан дүйнөлүк аскердик рейтингде 145 өлкөнүн ичинен 105-орунду ээледи. Бул тууралуу Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын өкүлү Саламат Райымбаев билдирди.

Анда айтылгандай, соңку жылдары кыргыз армиясындагы жүргүзүлгөн системалуу реформалар, материалдык-техникалык базанын чыңдалышы, айлык-акынын көбөйүшүнөн улам офицерлердин кесипкөйлүгү артууда.

Кыргызстандын аскер тармагындагы рейтингин жогорулатууга өбөлгө түзүүдө десек болот.

Эскерте кетсек, бүгүн 29-май Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн 33 жылдыгы.

 

15:11, 29-05-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар