Бишкектиктерди жайдын биринчи жумасында кандай аба ырайы күтөт?
Бишкекте күн ачылып, ысык аба ырайы башталды, мындай ысык иш жумасынын аягына чейин созулат. Бирок ишембиде аба ырайы салкындап, нөшөрлөп жаан жаашы мүмкүн.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, алдыңкы аптадагы аба ырайы:
Дүйшөмбү, 2-июнь - ала булут каптап турат.
Абанын температурасы: күндүз +27°C, түнкүсүн +13°C.
Шейшемби, 3-июнь – ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз +28°C, түнкүсүн +16°C.
Шаршемби, 4-июнь - күн ачык болуп, күндүз +31°C, түнкүсүн +17°C.
Бейшемби, 5-июнь — ала булут каптап, күндүз +32°C, түнкүсүн +19°C.
Жума, 6-июнь - булут каптап турат, кыска мөөнөттүү жаан жаап, күндүз +33°C, түнкүсүн +20°C.
Ишемби, 7-июнь - жаан жаап, күн күркүрөйт.
Күндүз +25°C, түнкүсүн +19°C
Жекшемби, 8-июнь - ала булут каптап, жаан жаайт.
Күндүз +27°C, түнкүсүн +19°C.