Бишкекте документтери жок 170 кыз-келинди окутуп жаткан медресе аныкталды

Бишкекте документтери жок 170 кыз-келинди окутуп жаткан медресе аныкталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-30-май күндөрү шаар аймагында "Экстремист" аталышындагы рейд жүргөн. Анын алкагында мурда козголгон кылмыш ишине катышы бар "Йакын-Инкар" уюмунун мүчөлөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

"Мындан тышкары, тиешелүү уруксат документтери жок 170ке жакын кыздар жана аялдар билим алып жаткан медресе аныкталды. Милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, медресеге 20 миң сом айып салынды", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле аталган окуу жай зарыл документтерди алганга чейин иши токтотулганы кошумчаланды.

 

14:19, 02-06-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар