Ысык-Көлдө браконьерлер менен күрөшүү үчүн видеокамералары бар мунаралар орнотулат

Ысык-Көл районунун Кудургу жана Тогуз-Булак айыл аймактарында браконьерлерге каршы күрөшүү үчүн заманбап экоконтролдук мунаралар орнотулат. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Бороновдун көл жээгинде жүргүзгөн рейдинде белгилүү болду.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, мунаралар Hikvision DS-2TD8166-150ZE2F биспектралдуу видеокамералар менен жабдылган. Алар 14 чакырымга чейинки аралыкта күнү-түнү байкоо жүргүзүп, 5 чакырым аралыкта жүзүн таануу жана 7 чакырымда жылуулук сигналдарын аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошондой эле, бул мунараларда уруксатсыз кирүү жана кооптуу жагдайларды аныктоочу алдын ала сигнал берүүчү коопсуздук системасы каралган.

Белгиленгендей, Мурат Боронов рейд учурунда заманбап моторлуу кайыктарды жана дрондорду колдонуу Кайгуул күзөтүнүн ишин натыйжалуулугун бир топ жогорулатканын айтты.

Ал белгилегендей, облустун ички иштер органдары заманбап техникалар: моторлуу кайыктар, квадроциклдер, дрондор, түнкү көрүүчү аппараттар жана кузов камералары менен жабдылган.

"Укук коргоо органдары браконьерликке каршы элдешпес күрөш жүргүзүүгө даяр. Көлгө бир метр да мыйзамсыз синтетикалык торлор түшпөшү керек", - деп баса белгиледи.

 

11:29, 03-06-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар